Жетекчилик курамында маанилу өзгөрүүлөр
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, биздин Ишкананын башкы директоунун сунуштарына ылайык жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин №53 буйругунун негизинде, Карагулов Алтынбек Адылбекович «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Алтынбек Адылбекович — жол куруу жана транспорттук инфраструктура тармагындагы тажрыйбалуу адис. Ал “Жолдорду, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди долбоорлоо жана куруу” адистиги боюнча жогорку билимге ээ. Ошондой эле тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорунун суу өткөрүү жана суу агызуу системаларын өркүндөтүү багытында изилдөө иштерин жүргүзүп, инженердик курулуштар боюнча терең тажрыйба топтогон.
Ишкананын жетекчилиги жана жалпы жамааты Алтынбек Адылбековичти жаңы кызмат орду менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Анын бай инженердик билими, кесипкөйлүгү жана уюштуруучулук жөндөмү ишканабыздын алдыга койгон бийик максаттарын, жооптуу жана масштабдуу долбоорлорун мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу ишке ашырууга чоң салымын кошот деп ишенебиз. Сизге бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана жооптуу ишиңизде албан ийгиликтерди каалайбыз. Жаңы кызматыңыз кут болсун!
Жетекчилик курамында жана долборлоо башкармалыгында жаңы дайындоолор
«Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту’ мамлекеттик
Ишканасында кадрдык өзгөртүүлөрүнө байланыштуу, Ишкананын Уставын жетекчиликке алуу менен чыгарылган №160 буйруктун негизинде төмөнкү кызматкерлерибиз жаңы кызмат орундарына дайындалышты: Исаев Уланбек Жусупалиевич — Ишкананын Башкы инженери кызмат ордуна дайындалды.
Сагынбек уулу Фархат — Ишкананын Долбоорлоо башкармалыгынын Жолдорду долбоорлоо бөлүмүнүн начальниги кызмат ордуна дайындалды.
Акматов Рысбек Эрнисович — Ишкананын Долбоорлоо башкармалыгынын Жолдорду долбоорлоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Ишкананын жетекчилиги жана жалпы жамааты кесиптештерибизди жаңы жооптуу кызматтары менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Уланбек Жусупалиевичке, Фархат Сагынбековичке жана Рысбек Эрнисовичке алдыдагы өндүрүштүк максаттарды ишке ашырууда, жолдорду долбоорлоо жана инженерия тармагындагы татаал долбоорлорду сапаттуу аткарууда кажыбас кайрат, уюштуруучулук ийгиликтерди жана чоң кесиптик жетишкендиктерди каалайбыз! Жумушуңуздарды ийгилик коштосун!
