[gtranslate]

[bvi]

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине Караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-Изилдөө Институту Мамлекеттик ишканасы

Государственное Предприятие Проектно-Изыскательский Институт «Кыргыздортранспроект» при Министерстве Транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

State Enterprise Project and survey Institute «Kyrgyzdortransproject» under the Ministry of Transport and Communications of the Kyrgyz Republic

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-изилдөө институту» Мамлекеттик ишканасы

Институт жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-изилдөө институту мамлекеттик ишканасы (мындан ары — Ишкана) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Уставда аныкталган Кыргыз Республикасынын калкына кызмат көрсөтүү жана экономиканы өнүктүрүү муктаждыктарын камсыздай турган автомобиль жолдорунун жана куралмалардын долбоорлорун иштеп чыгууну жана өндүрүшкө киргизүүнү долбоорлоочу жана илимдин маселелерин иштеп чыгуучу орган болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Транспорт коммуникациялар жол министрлигинин атынан Ишкананын уюштуруучусу болуп эсептелет. Ишкананын уюштуруучу документи Устав болуп эсептелет.

Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары — Министрлик) жүзөгө ашырат.

Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, Ишкананын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

Ишкана өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы болот, Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары болот.

Ишкана жарандык укуктарга ээ болот, мамлекеттин менчигинде турган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишканага чарба жүргүзүү укугуна бекитип берилген мүлккө ээ болот.

Ишкана толук чарбалык эсеп принциптеринде иштейт жана ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишимдерди жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.

Ишкананын толук аталышы:

— мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту мамлекеттик ишканасы;

— расмий тилде: Государственное предприятие Проектно-изыскательский институт «Кыргыздортранспроект» при Министерстве транспорта и дорог Кыргызскай Республики.

Ишкананын кыскартылган аталышы:

— мамлекеттик тилде: «Кыргызжолтрансдолбоор» ДИИ МИ

— расмий тилде: ГП ПИИ «Кыргыздортранспроект».

[lgxlogoslider id=»503″]