


2 декабрь биздин изилдөө жана долбоорлоо институтубузда маанилүү окуя болду!
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев А.Т. келип, 5 даана JAC T9 маркасындагы жаңы спец-транспорт каражатын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Бул жол тармагын өнүктүрүүгө болгон көңүл буруунун жана инженердик иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган колдоо.
Жаңы транспорт каражаттары заманбап талаптарга толук жооп берип, айрыкча тоолуу жана рельефи татаал аймактарда жүргүзүлө турган жаңы жолдордун долбоорлорун даярдоодогу инженердик-изилдөө иштеринин сапатын бир топ жогорулатат. Алар адистерибизге алысыраак жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда да коопсуз, ыкчам жана сапаттуу иш алып барууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул транспорт каражаттары институтубуздун өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, кызматкерлерибиздин күнүмдүк ишин жеңилдетет жана жаңы ийгиликтерге жол ачат.
Көргөндөр: 78
