[gtranslate]

[bvi]

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине Караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-Изилдөө Институту Мамлекеттик ишканасы

Государственное Предприятие Проектно-Изыскательский Институт «Кыргыздортранспроект» при Министерстве Транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

State Enterprise Project and survey Institute «Kyrgyzdortransproject» under the Ministry of Transport and Communications of the Kyrgyz Republic

5 МАРТ! АК КАЛПАК КУНУ!

5 МАРТ! АК КАЛПАК КУНУ!

Ак калпак тарыхы:
Бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен.
Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын «Манас» эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат.
Майрамыныздар менен куттуктайбыз!