[gtranslate]

[bvi]

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине Караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-Изилдөө Институту Мамлекеттик ишканасы

Государственное Предприятие Проектно-Изыскательский Институт «Кыргыздортранспроект» при Министерстве Транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

State Enterprise Project and survey Institute «Kyrgyzdortransproject» under the Ministry of Transport and Communications of the Kyrgyz Republic

Коррупцияга каршы чаралар

Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-изилдөө институту» Мамлекеттик ишканасындагы ишеним телефонун кыска номери 108


Урматтуу талапкерлер!

Ишеним телефонуна чалаардан мурун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-изилдөө институту» Мамлекеттик ишканасы “Ишеним телефонунун” иштөө тартиби жөнүндө маалымат, “Ишеним телефону” боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуу эрежелери, ошондой эле “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 344-ст.

Ишеним телефону аркылуу билдирүүлөрдү кабыл алуу эрежелери

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча “ишеним телефону” төмөнкү фактылар боюнча маалыматтарды кабыл алат жана карайт:

  • мамлекеттик кызматчылардын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин аракеттериндеги коррупциянын көрүнүштөрү;
  • мамлекеттик кызматчылардын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин аракеттериндеги кызыкчылыктардын кагылышуусу;
  • мамлекеттик кызматчылар жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткарбагандыгы.

Каралбайт:

  • анонимдүү кайрылуулар (кайрылуу жөнөткөн жарандын аты-жөнүн көрсөтпөстөн);
  • жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги жок суроо-талаптар;
  • мамлекеттик кызматчылардын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин коррупциялык аракеттерине тиешеси жок кайрылуулар;

Купуялуулукка кепилдик берилет.

Ишеним телефонуна чалууларды кабыл алуу убактысы:

«Ишеним телефону» аркылуу чалууларды кабыл алуу дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт: дүйшөмбү – жума – саат 08:30дан 17:30га чейин.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренесинде кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.